Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коопсуздук кеңеш өлкөдө 1 айга өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады

21.03.2020 15:01
916
Коопсуздук кеңеш өлкөдө 1 айга өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады


Коопсуздук кеңеш өлкөнүн Премьер-министрине 22-марттан баштап республика аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунуштамасын берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 21-мартта, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.


Анда Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө максатында өлкөнүн бардык аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө сунуш киргизди.


Аталган маселени талкуулоонун натыйжасында чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынынын катышуучуларынын 2020-жылдын 22-мартынан баштап өлкө аймагына 1 айга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштама берүү жөнүндө сунуштары эске алынып, чечим кабыл алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн