Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Коопсуздук кеңеши боюнча сунуш

14.07.2021 15:03
1746
Коопсуздук кеңеши боюнча сунуш


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн Жарлыгы менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын бекитти (мындай кызмат орун Россия Федерациясында гана бар).


Менин пикирим боюнча бул кызмат орун Кыргызстанга эмне берет:


- Кыргыз Республикасынын «Коргоо жана Куралдуу Күч боюнча» Закону талап кылгандай мамлекетте Куралдуу күчтү, башка аскердик түзүмдөрдү инспекциялоо аркылуу коргоого жөндөмдүүлүктүн, коопсуздуктун жана укук тартибинин абалын практикалык көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;


- Аскер кызматкерлерин, укук коргоо органдарынын жана укуктук коргоонун кызматкерлерин жабдуу нормалары боюнча толук социалдык камсыздоону ишке ашыруу.


Менин сунуштарым:


- Коопсуздук кеңешинин статусун Конституциялык законго чейин көтөрүү керек.


- Бул законго Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын киргизүү.


- 2017-жылы коргоо жана коопсуздукка бюджетти кароодо кыскартылган Коопсуздук кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын кайтаруу.


- 2011-жылдан тарта аскерде кызмат өтөөчүлөрдүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле аскердик кызматтан иштен кеткендердин социалдык коргоо сферасында мамлекеттик саясат азыркыга чейин аныктала элек.


- Жаңы Конституциялык законго Коопсуздук кеңешинин мүчөлрүнүн курамын, Кыргызстандын Омбудсменин (Акыйкатчы) киргизүү керек, себеби Кыргызстанда аскерде кызмат өтөөчүлөрдүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскердик кызматтан кеткендердин укуктарын жана эркиндигин сактоону эч ким ишке ашырбайт. Муну менен эл аралык коомчулукта Коопсуздук кеңешинин өзүнүн кадыр-баркы көтөрүлөт.


- Мына ушундан кийин гана Кыргызстандын күч структуралары мамлекеттин жана өзүнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздоого даяр деп эсептөөгө болот.


Аскердик укук коргоочу Анвар Сартаев

АКИпресс-пикирден кыргызчаланды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн