Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коопсуздук кеңеши саламаттыкты сактоо системасындагы көйгөйлөрдү толук иликтеп чыккан

04.08.2020 16:08
992
Коопсуздук кеңеши саламаттыкты сактоо системасындагы көйгөйлөрдү толук иликтеп чыккан

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын башында эле Коопсуздук кеңешинин күн тартибинде саламаттыкты сактоо маселеси тургандыгын белгиледи. Ал мындай маалыматты бүгүн, 4-августта Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышып жатып билдирди.

Анын айтымында, Коопсуздук кеңеши тарабынан саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр толук иликтенип чыккан, бирок илдеттин пайда болушунан улам аларды талкуулоо кийинкиге жылдырылган.

Ал коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал турукташаар менен саламаттыкты сактоо системасы боюнча маселелер абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланарына ишендирди. «Антпесе, биз баарыбыз калктын саламаттыгы коркунучта калганына күбө болдук», — деп кошумчалады президент.

Ошондой эле жергиликтүү бийликти Ысык-Көл районунда, анын ичинде Чолпон-Ата шаарында вирустун мындан ары жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүгө чакырды. Жарандардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүгө, дарыгерлерди өз маалында бардык зарыл болгон каражаттар жана тийиштүү төлөмдөр менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн