Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:50
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Коопсуздук кеңешинин катчысы Мусаев Бишкек ЖЭБинин иши менен таанышты

25.11.2020 17:53
546
Коопсуздук кеңешинин катчысы  Мусаев Бишкек ЖЭБинин иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев бүгүн, 25-ноябрда, өлкө жетекчилигинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2020/2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.

Рыскелди Мусаев борбор калаа тургундарынын батирлерине жылуулуктун берилишин камсыз кылуучу отказандар менен бууказандардын иштөө процессин көрүп чыкты.


Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаевдин жана Өнөржай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаевдин берген маалыматына ылайык, көмүрдүн суткалык керектөөсү орто эсеп менен 6-7,5 миң тоннаны түзөт. Ал эми жылдык керектөөсү 1 млн 110 миң тонна көмүр болсо, анын 800-850 миң тоннасы күз-кыш мезгилинин муктаждыгына кетет.

Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБине күз-кыш мезгили үчүн 295 миң тонна көмүр алынган, калган бөлүгү иш графиги менен, өз убагында берилип жатат.


Бишкек шаарынын ЖЭБи 2020/2021-жылдардын күз-кыш мезгилине борбор калааны жылуулук жана ысык суу менен толук камсыз кылууга даяр экени, бардык жабдуулар, казандар менен агрегаттар штаттык режимде иштеп жатканы белгиленди.

Таанышуу ишинин жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өлкө жетекчилиги үчүн маалыматтарды жана Бишкек шаарынын ЖЭБинин ишин жакшыртууга багытталган тийиштүү сунуштарды даярдап берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн