Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 09:11
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Көп акча тапкан – эрдик, сактоо – даанышмандык, сарптай билген –искусство

17.09.2024 11:37
364
Көп акча тапкан – эрдик, сактоо – даанышмандык, сарптай билген –искусство


Акча – бул кык сыяктуу, чачпасаң андан пайда түшпөйт.

(Френсис Бэкон)


Эч кандай мамлекеттик акча болбойт, салык төлөөчүлөр төккөн акча гана болот.

(Маргарет Тэтчер)


Акчадан да кымбат нерселер бар. Бирок, акчаң жок болсо, аларды сатып ала албайсың.

(Проспер Мэриме)


Адам канчалык ачкөз болгон сайын ошончолук ташбоорго айланат.

(Франческо Петрарка)


Акчасы бар адам жазаланбайт.

(Марк Туллий Цицерон)


Акча ээсине кызмат кылат же аны башкарат. 

(Гораций)


Акчаны көбөйтүүнүн эң ишенимдүү жолу – аларды экиге бөлүп, капчыкка салып коюш керек.

(Френк Хаббард)


Акча эч кимди келесоо кылган эмес, ал кимдин келесоо экенин айкындап гана коёт.

(Френк Хаббард)


Бай кишилер жашоодогу эң башкы нерсе – бул сүйүү деп ойлошот. Ал эми кедейлер болсо жашоодогу эң башкы нерсе – бул акча экенин анык билишет.

(Джералд Бренан)


Согуштун негизинде акча турган сыяктуу, искусство менен адабияттын да негизинде акча турат.

(Самюэл Батлер)


Жакыр болгуң келбесе, али түшө элек акчаны сарптаба.

(Унсур Аль-Маали)


Акча да кык сыяктуу: бир жерге жыйып койсоң сасып, жыттана баштайт. Ар кайсы жерге чачып ийсең, жакшы түшүм берет.

(Эдгар Кайзер)


Көп акча тапкан – эрдик, сактоо – даанышмандык, сарптай билген – искусство.

(Луций Анней Сенека)


Акчаны монетный двор (акча чыгарган ишкана) гана рекламасыз жасай алат.

(Томас Маколей)


Карыз берген кишинин эске тутуусу карыз алгандыкына караганда жакшы болот.

(Бенджамин Франклин)


Акчаң канчалык көбөйсө, таанышың да ошончолук көп болот.

(Уильямс Теннесси)


Убактым бар, акчам болсо жок.

(Виктор Цой)


Байлыктын жүгүн баары эле көтөрө албайт. Өзгөчө бирөөнүн байлыгынын жүгүн.

(Марк Твен)


Бай кишилер бар, анан жөн гана акчасы көп кишилер бар.

(Коко Шанель)


Акча эч качан таза болбойт.

(Пабло Эскобар)


Бакыт акчада эмес, акчага эмне сатып алганыңда.

(Мэрилин Монро)


Бакытты акчага сатып ала албайсың, бирок акча бакытты тапканга жардам берет.

(Фредди Меркьюри)


Эгер сага акча керек болсо, чоочун кишилерге бар. Эгер сага кеңеш керек болсо, досторуңа бар. А эгер сага эчтеке керек эмес болсо, туугандарыңа бар.

(Марк Твен)


Бакытты акчага сатып ала албайсың, бирок бакытка жеткирчү яхтаны сатып алсаң болот.

(Джонни Депп)


Атам айтчу: “Келесоого акча берсең, досторун чакырып тойлойт” деп.

(Роберт Кийосаки)


Шамал сени көздөй согуп турганда, акчаны асманга чачсаң деле боло берет.

(Мэрилин Мэнсон)


Келесоолор акчаны таштандыга айлантышат. Альхимиктер болсо, тескерисинче, таштандыны акчага айландырышат.

(Роберт Кийосаки)


Эгер эркектер акча тууралуу сүйлөшүп жаткан болсо, демек, алар аялдар тууралуу сүйлөшүп жатышат.

(Аркадий Давидович)


Акчага сатып алынгандын баары арзан.

(Дмитрий Александрович Дарин)


Акчаны жок кылуу – согушту жок кылуу.

(Марк Фабий Квинтилиан)


Акча бакытка кепилдик бербейт. Баш ооруга кепилдик берет.

(Чак Норрис)


Акча планетанын түбүнө жеткен.

(Губерначук Сергей Григорьевич)


Эгер мага “студиядагы полду шыпыр, роль аткаргандай эле акча төлөп беребиз” дешсе, шыпырмакмын. 

(Марлон Брандо)


Товарды жакшы жасасаң, акча өзү эле келет.

(Джон Айв)


Досторуңдун 99 пайызы акчаң менен кошо жок болот.

(Франческо Петрарка)


Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн