Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 19:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Көп кабаттуу үйлөрдө кантип коронавирус жуктуруп алышат? Окумуштуулардын жообу

26.12.2020 14:37
822
Көп кабаттуу үйлөрдө кантип коронавирус жуктуруп алышат? Окумуштуулардын жообу


Түштүк Кореянын окумуштуулары коронавирус көп кабаттуу үйлөрдө желдетүү аркылуу жайыла тургандыгын аныкташты. Алардын отчету Science Direct порталына жарыяланды.


Изилдөөнүн себеби Сеулдагы турак жай комплексинин ар кайсы кабаттарында жашаган бир нече үй-бүлө бир эле мезгилде COVID-19ду жуктуруп алган окуя болгон.


Алгач, алтынчы кабаттын жашоочусу жана анын туугандары тапшырган анализ оң натыйжа берген. Андан кийин вирус төртүнчү жана бешинчи кабаттардагы коңшуларынан табылган. Кийинчерээк 10-11-кабаттагы үй-бүлөлөр дагы бул илдетке кабылгандыгы белгилүү болгон.


Ошол эле учурда, жуктуруп алгандардын бардыгы бири-бири менен байланышпагандыгын, ал эми экөө лифтти да колдонбогонун айтышкан.


Окумуштуулардын айтымында, бардык батирлер жалпы желдетүү системасы менен бириктирилген. Алардын ою боюнча, вирус батирге ванна бөлмөсүндөгү тешиктер аркылуу кирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн