Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:30
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшериле баштады

23.05.2023 15:09
481
Көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшериле баштады

Курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия өз ишин баштады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.


Министрлер кабинетинин тескемеси менен түзүлгөн комиссия Бишкек шаарынын төмөнкү аймактарына текшерүү жүргүздү:


— «Авангард Стиль» ЖЧКсы салып жаткан Орто-Сай айылы, контур 5 дарегиндеги «Авангард сити» көп кабаттуу турак жайы жана ага караштуу бала бакча;


— Ушул эле компаниянын Токомбаев көчөсү, 15/2 дарегиндеги «Елисей талаалары» имараты менен автопаркинги;


— «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы салып жаткан Токомбаев көчөсү, №15 дарегиндеги 14 кабат имарат менен анын жер төлөсүндөгү автопаркинг.


«Комиссия шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын сакталышын, уруксат берүүчү документтердин камсыздалганын, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго ылайыктуулугун, ошондой эле курулуш имараттарында бетондун бекемдигин жана арматуранын долбоордук чечимдерге ылайыктуулугун текшерди», — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн