Учтун айы 19, 2025
Убакыт: 09:39
USD
87.30
87.80
EUR
89.90
90.90
RUB
0.845
0.880

Көп кишилер чоң бакыттан үмүт кылып жүрүшүп, кичине кубанычтарын жоготуп алышат

27.11.2023 09:59
400
Көп кишилер чоң бакыттан үмүт кылып жүрүшүп, кичине кубанычтарын жоготуп алышат


Үмүт – биз билген шыпаагерлердин ичинен эң мыктысы.

(Александр Дюма)


Үмүт атүгүл мүрзөнүн астында да үзүлбөйт.

(Вольфганг Гете)


Мен Кудай дайыма керек деп ойлойм. Анткени, Кудай – бул үмүт, үмүт болсо аң-сезимден да күчтүү, тунук.

(Борис Акунин)


Бизге картаң эс-тутум, жаш үмүт керек.

(Арсен Юссе)


Үмүт – бул жакшылыкты күтүү.

(Константин Кушнер)


Үмүт эң акырында өлөт, аны көмө турган эч ким жок.

(В.Румянцев)


Эгер мен бир эле адамды үмүттөнгөнгө үйрөткөн болсом, анда бекер жашабаптырмын.

(Мартин Лютер Кинг)


Үмүттөрдүн арасынан акырында бирөө - “күнөөм кечирилээр” деген үмүт гана калат.

(Александр Ясицкий)


Чоңдордон Кудайга караганда көптү үмүт кылба.

(Константин Кушнер)


Үмүттүн жазмышы жалгыздык, себеби, ал эң акырында өлөт.

(Владимир Колечицкий)


Үмүт бизге сооронуу үчүн, ал эми сабыр, чыдам болсо ийгиликке жетиш үчүн берилет.

(Бедиль)


Үмүт менен жашаганга караганда, эскерүү менен жашаган артык.

(Мигель де Унамуно)


Үмүт – бул кеме, ага отурсаң каалаган жагыңа жетесиң

(Осентин накылы)


Патологоанатом – тирүүлөй көмүлүп калбасыңа акыркы үмүт.

(Федор Радецкий)


Эң таңкалычтуусу, үмүттүн баары кышында келет.

(Жильбер Сосброн)


Эгер сен кимдир бирөөгө үмүт тартууласаң, анда ага кырыз болуп калдың.

(Стас Янковский)


Жыргал канчалык жагымдуу болсо, жыргалга үмүттөнүү да ошондой эле жагымдуу.

(Уильям Шекспир)


Жазуучулар – бул түңүлгөн кишилер, үмүт пайда болгон учурда алар жазуучу болуудан калат.

(Чарльз Буковски)


Түн – карыларга тынчтык, жаштарга үмүт тартуулайт.

(Бернард Шоу)


Эчтекеси калбай калгандардын да үмүтү бар.

(Плутарх)


Үмүт – уктабай эле көргөн түш.

(Аристотель)


Көп кишилер чоң бакыттан үмүт кылып жүрүшүп, кичине кубанычтарын жоготуп алышат.

(Перл Бак)


Үмүт – бул эң аргасыз абалда да үмүттөнө билүү жөндөмдүүлүгү.

(Гилберт Честертон)


Эч качан түңүлүүсүз үмүттөнбө, эч качан үмүтсүз түңүлбө.

(Пьер Буаст)


Үмүттүү мезгилде акындар көбөйөт, кыйроо мезгилинде чоңдор көбөйөт.

(Игорь Миронович Губерман)


Пародокс: эч кандай үмүт калбай калган учурда да үмүт жоголбойт.

(Джулиана Вильсон)


Искусство акча үчүн иштей баштаган учурда жакшы чыгарма жаралышына үмүт жоголот.

(Сэмюэль Батлер)


Үй-бүлө - бул улут үмүтүн, канат болсо кыялын таба турган жер.

(Джордж Уокер Буш)


“Бекер эле сүйүнгөн экенмин” деп үшкүрөсүң. Эмне, сүйүнгөнүң сага аздык кылабы? 

(Мария фон Эбнер-Эшенбах)


Үмүт – эртең мененки нанүштө сыяктуу. Аны көп-көп жеш керек.

(Ян Флеминг)


Узакка созулган дарт ооруну басаңдаткан сыяктуу, узакка созулган үмүт да кубанычты басаңдатат.

(Мадам де Севинье)


Ийгилик – бул душмандарыңдын үмүтүн ишке ашыра албай калганың.

(Ашот Сергеевич Наданян)


Кемселимде төрт чөнтөгүм бар, анын баары куру үмүт үчүн.

(Рамон Гомес Де Ла Серна)


Күндүн чыгышы жана үмүт жеңе албаган бир да түн, бир да көйгөй жок.

(Бернард Артур Оуэн Уильямс)


Эркектин жүрөгүнөн үмүттү алып койсоң, ал жырткыч айбанга айланып кетет.

(Уида (Мари Луиз де ла Раме) 


Үмүт ач болгон кезде оозуна урунгандын баарын жей берет.

(Миньон МакЛафлин)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн