Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 09:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Көп жыл эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандыктар Москвадан кармалды (фото)

18.05.2020 11:32
1324
Көп жыл эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандыктар Москвадан кармалды (фото)


КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан өз мекенинде кылмыш жасап, Москва шаарынын аймагында жашынып эл аралык издөөдө жүргөн бир катар Кыргызстандын жарандары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, 2003-жылдан бери КР өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөн 1952-жылы туулган Д.М. аттуу жаран аныкталган. Бул жаранга карата Жазык кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүнө (Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.   


Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 1997-жылы Ош шаардык сотунун чечими менен Жазык кодексинин 235-беренесинин 2-бөлүгү (башкага берүү максатында баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же өткөрүү) боюнча 11 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга эркиндигинен ажыратылган. 2001-жылы Мунапыс жөнүндө мыйзамынын негизинде, жазасын өтөө мөөнөтү кыскартылып, соттун чечими менен жатак-абагына которулган. Бирок Ош шаарында жайгашкан жазаларды аткаруу мекемесинен качып кеткен. 


Мындан тышкары Жазык кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык, ири өлчөмдө) каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш иши боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 2014-жылдан бери издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1986-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалды.


Бул жаран 2013-жылы күйөсү менен чогуу ишенимге кирип, чет өлкөдөн товар алып келүү шылтоосу менен алдамчылык жол менен 7500 АКШ долларын алып кетишкен.


Ошол эле жылдын октябрь айында ойлоп тапкан шылтоо менен 100 000 сом алып, белгисиз багытта жашынып кетишкен. Мындай кылмыштуу аракеттердин жыйынтыгында, жабырлануучуга 465 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкен.


Ошондой эле 2014-жылдан тартып Сокулук ИИБи тарабынан издөөдө жүргөн Талас облусунун тургуну, 1988-жылы туулган Ж.Д. аттуу жаран  аныкталган. Ага карата Жазык кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык, ири өлчөмдө) каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш иши козголгон.


Бул боюнча 2014-жылы жогоруда аталган жаран алдоо жолу менен чет мамлекеттик валютаны жогорулатылган курс менен алмаштырууга шылтап, башка бирөөнүн мүлкүн менчиктеп алып, белгисиз багытта жашынып кеткен. Мындай алдамчылык аракеттердин жыйынтыгында, жабырлануучу жаранга 449 000 сом өлчөмүндөгү суммада материалдык зыян келтирген.


Азыркы учурда, жогоруда аталган бардык фактылар боюнча издөөгө берген ички иштер органдардын бөлүктөрү маалымдалып, кармалган жарандардын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча маселеси каралууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн