Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Көп жылдан бери баңгизат менен алектенген адам кармалды

Көп жылдан бери баңгизат менен алектенген адам кармалды

Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери “Б” аттуу район тургуну баңгизатын колдонуп жүрөт деген ыкчам маалымат алышкан. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп, Тогуз-Торо райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан анын үйүн тинтүү тууралуу токтом кабыл алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


2020-жылдын 1-декабрь күнү саат 19:30 чамасында 1976-ж.т. Ш.Б. аттуу Тогуз-Торо районунун тургунунун жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 2 (эки) даана тегерек формадагы кара-күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар, салмагы болжол менен 20 грамм болгон заттар далил буюм катары алынган.    


         Бул факты боюнча 2020-жылдын 2-декабрь күнү Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши  башталган.


Ш.Б. 25 (жыйырма беш) жылдан ашуун убакыттан бери ар  түрдүү баңгизаттарын чегип жүргөндүгү такталган. Анын үйүн тинтүү учурунда баңгизатын жасоочу курал-жарактар да табылган. Ал көп жылдан ашуун убакыт Казарман айылынын алыскы тоолорунда өскөн баңгизаттык жана мыйзамга каршы келген чөптөрдү алып келип, андан баңгизаттарынын түрлөрүн жасап, өзү колдонуп,  коомго  жат  келген кылмыш ишин  жасап жүргөн.   


  Алынган баңгизаттары боюнча дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат каннабистин смоласы (гашиш) экендиги аныкталган. 


Азыркы учурда Ш.Б. Тогуз-Торо райондук сотунун тергөө судьясынын токтомунун негизинде 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармалуучу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн