Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт, - 5-майга карата аба ырайы

05.05.2020 08:36
951
Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт, - 5-майга карата аба ырайы


Бүгүн, 5-майда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен билдиришти.

Бүгүн күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мөндүр жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 813, күндүз 1823;

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 1621;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1015, күндүз 2025;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 38, күндүз 1722;

Нарын облусунда түнкүсүн 38, күндүз 1621;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3-8, күндүз 38 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1012, күндүз 2123 градус болот.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн