Бүгүн, 10-июнда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн.
Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21…26;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 21…23 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн