Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, - 10-майга карата аба ырайы

09.05.2020 17:04
702
Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, - 10-майга карата аба ырайы


Эртең, 10-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдашты.

Күндүз дээрлик өлкөнүн бүт аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамбыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 12...17,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21 градус ысык.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7 градус жылуу.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 10...13, күндүз 23...25 градус жылыйт.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн