Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Көпчүлүк коалиция өкмөттүн 2019-жылдагы ишинин отчетун укту

20.03.2020 11:36
745
Көпчүлүк коалиция өкмөттүн 2019-жылдагы ишинин отчетун укту


Жогорку Кеңеште бүгүн, 20-мартта көпчүлүк коалициясында өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатат. 


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасап жатып, “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын алкагында белгиленген иштер 95 пайызга аткарылганын айтты.


Бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга жогору. Ал эми жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жалпы көрсөткүчү 86,2 пайызды түзүп, андан мурдагы жылдан 0,7 пайызга көбөйгөн.


«Биздин өткөн жылда жетишкен ийгилигибиз президенттин, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн биргелешкен аракетинин негизинде жаралды десек жаңылышпайбыз. Парламент өкмөт тарабынан сунушталган 197 мыйзам долбоорунун ичинен 110 мыйзам долбоорун кабыл алып берди. Ошентип, 2019-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 590 млрд сомду түзүп, макроэкономикалык өсүү 4,5 пайызга жетти. Айыл чарбада 2.6 пайыз, курулушта 10,6 пайыз, кызмат көрсөтүүлөрдө 2,9 пайыз өсүү байкалган», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн