Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77кг) Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык Роман Власов менен күрөшөт. Бул тууралуу спортчу соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Махмудов Власов менен килем үстүнө чыгуу үчүн лига менен келишим түзгөнүн билдирди.
“Чакырыкка даярмын, элиме болгон жоопкерчилик мени алдыга сүрөөдө. Катуу даярдыктан өтүп, дем-күч менен алдыдагы беттешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам. Роман Власовдун жеңген сыйлыктары анын ким экенин көрсөтүп турат. Бул мага ого бетер шык берет”, - деп жазат спортчу.
Эки балбандын күрөшү ушул жылдын апрель айында өтөрү айтылат.
Белгилей кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпида оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиданын эки жолку чемпиону.
Эскерте кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) 2022-жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши Россиянын “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн. Үчүнчүсү Бишкекте өтүп, кыргызстандык үч балбан күрөшкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн