Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан адамды милиция кызматкерлери токтотуп калды (видео)

26.05.2020 10:38
976
Көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан адамды милиция кызматкерлери токтотуп калды (видео)


Көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан адамды милиция кызматкерлери токтотуп калды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 


Маалыматка ылайык, 25-майда Жалал-Абад ОИИБинин Кайгуул күзөт кызматына түнкү саат 03:00дөр чамасында белгисиз адам Кѳк-Арт дарыясындагы кѳпүрѳдѳн сууга боюн таштоого аракет кылып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол учурда жакынкы аралыкта кызмат өтөп жүргөн Кайгуул күзөт кызматынын старшиналары Л.Караходжаев, А.Атажанов жана Б.Рысбаев ал жерге жетип барышып, боюн таштамакчы болгон адамды токтотуп калышкан. Алдын ала текшерүүдө ал Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1981-жылы төрөлгөн Э.К. аттуу адам экени, мас абалында аталган аракетке барганы аныкталган. Милиция кызматкерлери куткарылган атуулду үйүнѳ алып барышып, үй-бүлѳсүнѳ тапшырышкан.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн