COVID-19 дартына чалдыккан медицина кызматкерлеринин сегизи 65 жаштан өтүп калгандар. Бул тууралуу 13-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, илдетти жуктурган улуу муундагы медиктер байланышта болуп жуктурган.
"Илдетке кабылган 241 медицина кызматкеринин сегизинин жашы 65тен жогору. Алар коронавирус менен күрөшүүдө же дарылоо учурунда мобилдик топтун катарында алдынкы кызматкер катары иштешкен эмес. Алар жумуш ордунан же болбосо башка учурларда жуктурушкан", - деди Үсөнбаев.
Эске салсак, буга чейин коронавируска каршы күрөшүүдө жаш балдары бар, кош бойлуу жана пенсия курагындагы медицина кызматкерлерин эмгек өргүүгө кетиргени кабарланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн