Бугу 13, 2024
Убакыт: 05:48
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Корея Бишкек мэриясына техникалык жабдуу жана унаа берет

04.09.2023 15:45
209
Корея Бишкек мэриясына техникалык жабдуу жана унаа берет


Бишкек шаарынын мэриясы менен Корея элчилигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, документке борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ кол койду.

Гранттык долбоордун максаты - муниципалитеттин муктаждыктары үчүн элчиликти кайтарымсыз негизде техникалык жабдуулар жана автоунаа менен камсыз кылуу аркылуу мэриянын административдик потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Мэр шаарлар аралык кызматташтыкты тереңдетүүнүн, ошондой эле Кореянын «KOICA» эл аралык кызматташуу агенттиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, шаар башчысы социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана мындан ары да эки тараптуу жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн