КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүндө Кёнги бизнес борборунун башкы директору Чой Чон Хо менен жолугушуу өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, соода, инвестиция, билим берүү жана туризм маселелери боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Өз кезегинде Кёнги бизнес борборунун өкүлдөрү күндүн энергиясы менен иштеген жарык берүүчү приборлор, стоматологиялык медициналык жабдуулар, косметика жана башка тармактар боюнча келечектүү кызматташууну сунуштады.

Тараптар белгилегендей, каралып жаткан маселелер эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун көп кырдуу өз ара аракеттенүүсү үчүн жаңы горизонтторду ачат. Бул жолугушуу Кыргызстан менен Кореянын Кёнги провинциясынын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн негизги учуру болуп калды.