Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кореяда Кыргызстандын продукциялары сатыла турган соода үйү ачылды

30.06.2022 10:33
616
Кореяда Кыргызстандын продукциялары сатыла турган соода үйү ачылды


Кореяда Кыргызстандын соода үйү ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Ал Кыргыз Республикасынын элчилигинин демилгеси жана Кыргызстандан келген Гүлшайыр Надырбекованын жардамы менен иштейт.


Элчи Аида Исмаилова Түштүк Корея менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын продукциялары жакынкы арада бул өлкөнүн ири соода борборлорунда сатылат деген ишенимин билдирди.


Кореянын импортчулар ассоциациясынын президенти Бен Кван Ким кореялык ишкерлер кыргыз товарларынын сапатын жогору баалап, органикалык продукцияны рынокко жеткирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.


Соода үйүндө кийизден жасалган буюмдар, табигый бал, варенье жана башка импорттук товарлар жарманкеси Import Goods Fair 2022 эл аралык көргөзмөсүнө катышкан ата мекендик компаниялардын продукциялары коюлган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн