Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кореядагы элчи Аида Исмаилова Түштүк Кореяда жаңы шайланган президенттин инаугурациясына арналган иш-чарага катышты

10.05.2022 15:00
639
Кореядагы элчи Аида Исмаилова Түштүк Кореяда жаңы шайланган президенттин инаугурациясына арналган иш-чарага катышты

9-майда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын жаңы шайланган президентинин инаугурациясына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Корея Республикасынын жаңы шайланган президенти Юн Сок Ёлдун катышуусунда Корея президентинин алдыдагы инаугурациясынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк маданият ассоциациясы комитети тарабынан уюштурулган салтанаттуу маарекеси болуп өттү.


Аталган мааракеге Кореяда аккредиттелген дипломатиялык корпустун жетекчилери, атап айтканда Кыргызстан, Улуу Британия, Канада, Филиппиндер, Индонезия, Катар, Нигерия, Пакистан, Египет, Омандын элчилери, кореянын жана чет элдик ири бизнестин, ошондой эле түрдүү фонддордун жана маданият тармагынын өкүлдөрү чакырылган.


Иш-чаранын алкагында КР элчиси Аида Исмаилова кореянын жана чет элдик ири компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле саясий жана маданият ишмерлери менен байланыш түзүп, кыскача сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн