Кореядан 12 кыргыз жараны Казакстан аркылуу кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июнда Кыргызстан жана Казакстандын Тышкы иштер министрликтери биргелеликте Кореядагы жарандарын алып келди.
Корея авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматы шаарынын эл аралык
аэропортуна 12 кыргыз жараны келип, аларды Бишкек шаарына атайын транспорт
менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери коштоп келген.
Ал эми жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн
обсервацияга алынат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн