Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 12:13
USD
86.55
87.05
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Кореянын Эксимбанкы Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууну улантууга даяр

28.10.2024 11:58
111
Кореянын Эксимбанкы Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууну улантууга даяр


Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Эксимбанктын башкы аткаруучу директору Хван Киёнг жана Корея экономикалык өнүктүрүү кызматташтык фондунун EDCF башчысы Ом Сон Ёнг менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо багытында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Айрыкча, оорукана, аэропортторду куруу жана модернизациялоо, жол-транспорт техникасы жана жабдууларды сатып алуу, ошондой эле энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Эксимбанктын өкүлдөрү Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти, бул эки өлкөнүн экономикалык жана социалдык байланыштарын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын эчиси Аида Исмаилова Эксимбанк менен туруктуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай долбоорлор калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана экономикалык өсүш үчүн шарттарды камсыздоого жардам берерин айтты.

Тараптар диалогду улантуу жана белгиленген демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдар тууралуу макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн