Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Коргоо министри Баткенде аскерлердин күжүрмөн даярдыгын текшерди

29.09.2021 16:43
867
Коргоо министри Баткенде аскерлердин күжүрмөн даярдыгын текшерди

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 20-сентябрынан баштап 23-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Бактыбек Бекболотов Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн башчыларынан турган офицердик топ менен, Кыргыз Республикасынын аскер коопсуздугунун Түштүк-Батыш аймагына оперативдик-талаа иш сапарына барып келишти. 


 Иш сапардын жүрүшүндө Коргоо ведомствосунун башчысы 01003 аскер бөлүгүнүн командиринин күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык боюнча билдирүүсүн угуп, Түштүк-Батыш регионунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн, кошуундарынын жана мекемелеринин абалы менен таанышып чыкты. Ошондой эле аскер кызматчылар менен болгон жолугушууда, аскер кызматчыларынын арасындагы моралдык-психологиялык абалды жакшыртууга багытталган суроолорун жана сунуштарын укту.


Оперативдик-талаа иш сапарынын жүрүшүндө Коргоо министри Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдырынын жетекчилери менен жолугушуп, маселе жараткан оорчундуу суроолорду жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.


 Оперативдик-талаа иш сапарынын соӊунда генерал-майор Б. Бекболотов иш сапарды жыйынтыктоо максатында кызматтык кеңешме өткөрүп, Түштүк-Батыш аймагына болгон оперативдик-талаа иш сапарында башкармалыктардын башчыларынын тарабынан табылган кемчиликтерди камтыган билдирмелерин угуп, жана аларды чечүүгө, жана ошондой эле бөлүктөрдүн күжүрмөн даярдоосун жогорулатууга багытталган сунуштарын укту.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн