2022-жылдын 24-августунда Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешмеси болуп өттү.
Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чарага Кыргыз Республикасынын, Индия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Элдик Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын,Тажикистан Республикасынын, Өзбекистан Республикасынын коргоо министрлери катышты.
Отурумдун жүрүшүндө коргоо ведомстволорунун жетекчилери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле, коргоо жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешип, 2023-жылы ШКУнун коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумун Индиянын аймагында өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишишти.
Иш-чаранын жыйынтыгында ШКУнун аймагында тынчтыкты камсыздоо максатындагы коопсуздук чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган жыйынтыктоочу документтерге кол коюу менен аяктады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн