Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:27
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Коргоо министри Түркияда өткөн "Эфес-2022" эл аралык аскердик машыгуусуна катышты

10.06.2022 20:02
943
Коргоо министри Түркияда өткөн "Эфес-2022" эл аралык аскердик машыгуусуна катышты

2022-жылдын 8-9-июндарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов "Эфес-2022" эл аралык аскердик машыгуусунун активдүү фазасына катышуу максатында Түркия Республикасына иш сапары менен барды.


Эки тараптуу аскердик кызматташтык учурунда Кыргыз Республикасынын Аскер контингенти Түркия Республикасынын аймагында 37 мамлекеттин атайын бөлүмдөрү тартылган масштабдуу эл аралык аскердик машыгууларга биринчи жолу катышып, Түркия Республикасынын Коргоо ведомствосу менен байланышты бекемдөөгө дагы бир кадам жакындады десек болот.


Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти 45 күндүн ичинде компьютердик моделдөөнүн жардамы менен окуу маселелерин иштеп чыкты жана көп улуттуу аскердик топтун курамында иш-аракеттерди жүргүздү.


Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Түркия Республикасынын коргонуу-өнөр жай комплексинин заманбап продукцияларынын көргөзмөсүнө катышкан соң, мындан аркы аскердик кызматташтыктын келечектүү долбоорлорун талкуулоо максатында Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Азербайжан Республикасынын Коргоо министри генерал-полковник Закир Гасанов менен жолугушуулар өткөрүлдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн