Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Коргоо министри эл аралык коопсуздук боюнча X Москва конференциясына катышууда

16.08.2022 12:57
444
Коргоо министри эл аралык коопсуздук боюнча X Москва конференциясына катышууда

15-16-августта КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча X Москва конференциясына катышууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, конференциянын жүрүшүндө министр Бекболотов Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Денис Мантуровдун жетекчилиги астында пленардык жыйынга, "Армия-2022" эл аралык аскердик-техникалык форумуна, РФ Коргоо министри Сергей Шойгу менен эки тараптуу жолугушууга, ошондой эле РФ аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын өкүлдөрү менен жолугушууга катышат.


Маалымат үчүн: Эл аралык коопсуздук боюнча 10-Москва конференциясына дүйнөнүн 35 мамлекетинин коргоо ведомстволорунун жетекчилери катышат.


Конференциянын жүрүшүндө Азия-Тынч океан аймагында, Африкада, Жакынкы Чыгышта, Латын Америкасы өлкөлөрүндө жана Европа континентинде стратегиялык туруктуулук жана коопсуздук маселелери каралат.


Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы 2012-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет жана эл аралык мамилелердин актуалдуу маселелерин, аларды чечүүдө дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринин аскер ведомстволоруна таандык маанилүү ролун талкуулоого багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн