Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:30
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Коргоо министри Өмүралиев Баткенде машыгуулардын даярдыгын текшерүүдө

16.03.2021 17:19
880
Коргоо министри Өмүралиев Баткенде машыгуулардын даярдыгын текшерүүдө

2021-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиев КР түштүк аймагына ыкчам-талаа иш сапары менен Баткен шаарына келди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Анда башкаруу пунктарынын ордуларын, аскерлерди колдонуу жана жайгашуусун, “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021”  Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууларын ар тараптуу колдоосу жана объекттердин машыгуу базалары менен таанышты.           


Машыгуулар 2021-жылдын 30-мартынан 1-апрелине чейин Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын, Баткен облусунун облустук мамлекеттик администрацияларынын, Баткен шаардык мэриясы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана КР  Саламаттыкты сактоо министрлигинин катышуусунда өтөт.        


Машыгууга 2 миңдей адам катышып, болжол менен 100дөй унаа, брондолгон жана атайын техника, 20га жакын  артиллериялык тутумдар(системалар) жана 10го чукул  авиатехникалар тартылат.          


Ошондой эле, ыкчам-талаа иш сапарынын алкагында Коргоо ведомствосунун башчысы Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан кошуундарга жана аскер бөлүктөрүнө барууну пландаштырууда.         

  Анда аскер бөлүктөрүндөгү аскерлер жана аскердик башкаруу органдары үчүн даярдыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири болгон    күжүрмөн даярдыктын абалын текшерүүгө  өзгөчө көңүл бурулат .

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн