28-августта Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Коргоо министринин орун басары жана Аскердик институттун директору жол кырсыгынан жабыркаган Аскер институтунун аскерлеринен кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, министр ооруканада жаткан аскерлерди абалы менен таанышып, аларга керектүү дары-дармектер убагында берилиши керектигин белгиледи.
Мындан тышкары, Бекболотов ооруканага түшкөн аскерлердин туугандары менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Эскерте кетсек, окуя 27-август күнү болгон. Курсанттар түшкөн атайын автоунаа жолдун боюндагы бакты сүзгөн. Тогуз адам ооруканага жаткырылып, кийин алардын абалы канааттандырарлык экени айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн