Кулжа 17, 2024
Убакыт: 18:25
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Коргоо министринин орун басары: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга Тажикстандын Куралдуу күчтөрү тартылган эмес

06.09.2021 16:42
4317
Коргоо министринин орун басары: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга Тажикстандын Куралдуу күчтөрү тартылган эмес

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга Тажикстандын Куралдуу күчтөрү тартылган эмес. Мындай пикирин Коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев  Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда билдирди.


Анын айтымында, апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга Тажикстандын чек ара кызматкерлери катышкан.


"Тажикстанда да Кыргызстандагыдай Куралдуу күчтөр Коргоо министрлигине карайт. Ал эми чек арадагы куралдуу аскерлер кошуна өлкөнүн УКМКсына караштуу Чек ара кызматынан аскерлери болгон. Жаңжалга Кыргызстандын да Тажикстандын да Куралдуу күчтөрү тартылган эмес",- деди Кирешеев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн