Коргоо министринин жардамчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат Аскер прокуратурасы менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда ("Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат берүү үчүн пара алуу") каралган кылмыш ишинин алкагында коргоо министринин жардамчысы полковник О.У.Ж. кармалды.
Текшерүү учурунда аныкталгандай, аталган О.У.Ж. өзүнүн меркантилдик максаттарын көздөп, акчалай сый акы үчүн Коргоо министрлигинин айрым аскер кызматкерлерин карьералык тепкич боюнча дайындоо жана жогорулатуу менен алектенгендиги аныкталган.
Алсак, 2024-жылдын 25-майында ал Бишкек шаарынын Аскер комиссариатынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери О.Т.Б.дан Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн комиссариатына которуу үчүн 100 миң сом алган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 12-декабрында полковник О.У.Ж. Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн