Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 09:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Коргоо министрлиги Лейлектеги аскердик бөлүктүн курулушу эмне үчүн токтоп турганын түшүндүрдү

11.06.2021 13:04
999
Коргоо министрлиги Лейлектеги аскердик бөлүктүн курулушу эмне үчүн токтоп турганын түшүндүрдү

КРнын Коргоо министрлиги Лейлек районунун Маргун айылында аскердик бөлүктүн курулушу эмне үчүн токтоп турганы боюнча маалымат берди. 


Маалыматка таянсак, бүгүнкү күнгө чейин аскердик бөлүк курула турган жердин документ иштери бүткөрүлгөн. 

"Маргун айылындагы аскердик бөлүктүн курулушу документ иштерин бүтүрүү үчүн токтоп турган. Бүгүнкү күндө пландары жана инженердик-геологиялык шарттар даярдалган. Министрлер кабинетинин төрагасы Марипов 9-июнь күнү аталган имараттын тез арада курулушун жандандыруу тапшырмасын берген",- деп айтылат маалыматта. 


Эске салсак, социалдык тармакта 6-майда президент капсула салган имараттын курулушу ошол бойдон турат деген видео тарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн