Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Коргоо министрлиги Түркияга көп адамга ылайыкталган чатырларды жөнөтөт

11.02.2023 11:29
372
Коргоо министрлиги Түркияга көп адамга ылайыкталган чатырларды жөнөтөт

Коргоо министрлиги Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам катары аскердик чатырларды жөнөтөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 600 адамга ылайык келген чатырлар Коргоо министрлигинин Орук базасында камдалып даяр турат. Бул чатырлар 20, 30 жана 40 адамга каралып, 4 мезгилге ылайыкташтырылган.


Мындан тышкары, КР Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары бир күндүк айлык-маянасын которушат.


Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн