Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Коргоо министрлигинин Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнө жаңы тик учак берилди

23.06.2023 14:38
475
Коргоо министрлигинин Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнө жаңы тик учак берилди


Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Россиянын "Рособронэкспорт" АКнын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде МИ-17 тик учагын өткөрүп берүү аземи өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, тапшыруу аземи бүгүн, 23-июнда КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн базасында болду.

Иш-чарага КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов, «Рособронэкспорт» АК, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү, ошондой эле КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Аземдин жүрүшүндө коргоо министри белгилегендей, көп максаттуу Ми-17 тик учагы Куралдуу Күчтөрдүн алдында коюлган тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүктү жогорулатат.

Учуучу техника Кыргызстанга Ил-76 самолету менен жеткирилип, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү тарабынан чогултулуп, учкуч-сыноочулар сыноочу учууларды өткөрүшкөн.

Белгилеп кетсек, аталган техниканы сатып алуу үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн