Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коркутуп жатышат. Жалал-Абадда мугалимдер митингге чыкты

14.05.2021 11:08
1620
Коркутуп жатышат. Жалал-Абадда мугалимдер митингге чыкты

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Макаренко атындагы №1 гимназия-мектебинин мугалимдери райондук администрациясынын алдына митингке чыгышты. Алар блогерлерге чара көрүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу «7-канал»  билдирди. 


Алардын айтымдарында, блогер Кубанычбек Бакиров №1 Макаренко гимназия-мектебине барып мугалимдерди видеого тартып кеткен.

Ал эми Кубанычбек Бакировго 4-класс окуучу кыздын апасы кайрылып, мугалимдер кызынын мектепке жоолук салынып барганына жана орозо кармаганына каршы чыгып, мажбурлап оозун ачтырып салышкандарын айткан.

Бул окуяны чагылдырып берүү үчүн Кубанычбек Бакиров мектепке барып, тасмага түшүрүп кетип социалдык тармактагы баракчаларына жүктөгөн.

Мугалимдердин айтымдарында, видеонун алдында «Мугалимдерди ташбаранга алыш керек!», «СССРдин мугалимдери жаштарга орун берсин!», «Булар каапырлар!» ж.б. терс пикирлер жазылып, өмүрлөрүнө коркунуч туулуп жатканын айтышат.

«Биз 4-класс кыз ачкадан жыгылып калбасын дедик. Баарыбыз түшүндүрүп көрүүгө аракет кылдык. Биз эч кандай динге шек келтиргенибиз жок. Болгону профсоюз биздин укугубузду коргоп берсин. Ал күнү күн ысык болчу жана ал окуучунун жүгүртмөсүндө дене тарбия сабагы бар эле. Же орозо айында дене тарбия сабагын алып салуу керек болчу. Бул окуу жылын тынч-аман бүтүп кетүү эле биздин оюбуз», — дейт мугалимдердин бири.

Алардын чоочулаганы, блогерлер мугалимдердин кадыр-баркын түшүрүп, окуучулардын тоготпой калуусу. Эгер мугалимдер алсыз болсо, бийлик дагы билимсиз болот.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн