Баш оона 22, 2025
Убакыт: 00:19
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Коронавирус Ак үйдө гана эмес, министрликтерде да катталууда, - Каратаев

25.06.2020 10:18
1340
Коронавирус Ак үйдө гана эмес, министрликтерде да катталууда, - Каратаев


Коронавирус инфекциясы Ак үйдө гана эмес, министрликтерде да тастыкталган учурлар катталууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июндагы брифингде билдирди.


“Инфекция жуктуруп алган депутатардын ысымдарын атоо, бул шартка туура келбейт. Коронавирус Ак-Үйдө гана эмес министрликтерде да тастыкталган учурлар катталууда. Андыктан баардык мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактасак. Мүмкүнчүлүк болсо аралыктан иштесе жакшы болот эле”, - деди Каратаев.


25-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 228 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 3 954 учур болду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн