Коронавирус илдетин аныктоо боюнча Кыргызстанда эки туруктуу лаборатория иштеп жатат жана 1 көчмө лаборатория ишке кирет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алар Бишкек шаарында жана Ош шаарында. Ал эми Жалал-Абадда көчмө лаборатория иштеп баштайт.
"Бүгүнкү күндө ушул 3 лаборатория иштеп жатат. Алынган анализдин жыйынтыгы 6 сааттын ичинде даяр болот", - деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн