Кыргызстанда коронавирус катталгандыгына байланыштуу аймактык өзгөчө кырдаалдар жарыяланашы керек, деп билдирди саламттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 18-мартта маалымат жыйында.
Анын айтымында, сөзсүз түрдө аймактар аралык каттамга чектөө киргизүү жана бөгөт коюу чаралары көрүлүшү керек. Бул маселе Республикалык штабдын жыйынында талкууланып чечилет.
"Азыр биз Кытай колдонулган чараларды көрүп жатабыз. Ошол тажрыйбалардын барын биздин шартка ылайыктап колдонобуз. Адегенде бул маселелердин баары штабда талкууланат, андан соң тишелүү чечимдер чыгарылат", - деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн