Бишкек жана Ош шаарында коронавирус жуктурган бейтаптар үчүн 335 орун бар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-июндагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, ооруга чалдыккандардын саны көбөйүп жаткандыктан кошумча орундарды түзүү пландалууда.
“Воронцовкадагы курортология институту кечээ күндөн тарта бейтаптарды кабыл ала баштады. Бүгүндөн тарта №1 шаардык клиникалык ооруканасында типтүү эмес пневмония үчүн 92 орун дайындалды”, - деди ал.
27-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 309 учур катталды. Муну менен республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 4513 болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн