Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:54
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коронавирус: Элге жардам берүү боюнча Элдик кошуун түзүү пландалып жатат

19.03.2020 13:38
639
Коронавирус: Элге жардам берүү боюнча Элдик кошуун түзүү пландалып жатат


Коронавирус кырдаалына байланыштуу өз ыктыяры менен элге жардам берүү үчүн Элдик кошуун түзүү сунушталып жатат. Бул тууралуу депутат Айнура Алтыбаева Жогорку Кеңеште 19-мартта коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.


Анын айтымында, учурда өз ыктыяры менен ар кандай жагдайда элге жардам берүүнү каалаган жарандар бар. Алар Элдик кошуун түзөлү деп жатышат. 


Бул сунуш боюнча депутат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин пикирине кызыкты.


Премьердин айтымында, учурда жаш балдар, бизнесмендер, волонтерлер арасында жардам берүүнү каалагандар бар. Бирок азырынча Сузак районуна гана жардам берүү зарыл.


Алар бул маселе боюнча Республикалык штабдарга кайрылса болот. 


Белгилей кетсек, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жетекчиси Алтынай Өмүрбекова.


Ал эми коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга боюнча республикалык штабдын жетекчиси Эркин Асрандиев.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Н урайимова
Достойна