Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коронавирус: Италияда бир күндө 368 адам каза тапты

16.03.2020 09:19
1521
Коронавирус: Италияда бир күндө 368 адам каза тапты


Италияда жуманын акыркы күнү коронавирустан 368 адам каза тапты. Бул тууралуу жарандык коргоо департаментинин башчысы Анджело Боррелли маалымат жыйында айтып чыкканын жергиликтүү ММКлар маалымдашты. 


Анын билдирүүсүнө ылайык, коронавирустан өлгөндөрдүн жалпы саны 1809 адамга жетти.  


Бир күндүн ичинде дагы 2853 адам катталып, өлкөдө жуктуруп алгандар жалпысынан 20,6 миң адамды түздү.   


А.Баррели билдиргендей, ал эми 2335 адам оорудан сакайып кетишкен. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн