Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коронавирус: Италияда жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланды

10.03.2020 09:19
901
Коронавирус: Италияда жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланды


Коронавирустун калк арасында күчөп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланарын билдирди. 


"Өзүнчө "кызыл аймактар" болбойт. Шейшембиден тарта Италия толугу менен карантинге өтөт ", - деди Италиянын премьер-министри журналисттерге берген маегинде.


Жузеппе Контенин билдирүүсүнө ылайык,  өлкө аймагында ээн-эркин жүрүүгө да тыюу салынат.  Өлкөдөгү бардык спорттук мелдештер, анын ичинде футбол чемпионаты 3-апрелге чейин токтотулган.


Италияда дүйшөмбү күнү кечинде оору 1807 адамга жуккан. Өлкө боюнча жалпысынан 9172 киши коронавируска чалдыкса, өлгөндөрдүн саны 463 адамга жеткен. 9-март күнү коронавирус тарап жаткан өлкөлөрдө баш аягы 199 киши өлсө, алардын ичинен 97си Италияда катталган.


Дүйнө жүзү боюнча 114 миң киши инфекцияны жуктуруп алды, 4004 адам көз жумду, 62 миң 834ү айыкты.


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебреисус Женевадагы маалымат жыйынында COVID-19 тездик менен тарап жатканын, дүйнөдө пандемия ыктымалдуулугу бар экенин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн