Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Коронавирус: Карантиндик тартипти бузгандарга 300 миң сомго чейин айып салынат

13.03.2020 11:56
980
Коронавирус: Карантиндик тартипти бузгандарга 300 миң сомго чейин айып салынат


Кыргызстанда эпидемиялогиялык абалга каршы күрөшүү жана карантиндик иш-чараларды күчөтүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардагы алгоритмге толуктоолор киргизилди, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.


Билдирүүгө ылайык, коронавирустун чыккан учуру катталган өлкөлөрдөн келгендердин бардыгы 3 категорияга бөлүнөт.


Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышы пандемия баскычына жеткени тууралуу жарыялаганына байланыштуу COVID-19 коронавирусун тарашы боюнча кооптуу өлкөлөрдүн классификациясына өзгөртүүлөр киргизилди.


Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан категориялар боюнча өлкөлөрдү баалоонун кошумча критерийлери аныкталды.


Бардык чет элдик жарандарды, анын ичинде транзит менен жана акыркы 30 күн Кытайда, Италия, Иран, Корея, Франция, Германия жана Испанияда жүрүп келгендердин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынууда.


Биринчи категориядагы өлкөлөрдөн, анын ичинде транзит менен келген кыргыз жарандары 14 күн атайын өзүнчө бөлүнгөн  жерлерде обсервацияга жаткырылат. Бул категорияга ID-карта, жалпы жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспорту бар бардык жарандары кирет.

 

Биринчи категорияга акыркы 30 күндө биринчи категориядагы өлкөлөрдүн аймагында болбогон бардык чет элдиктер, анын ичинде Кытайдын, Италиянын, Ирандын, Кореянын, Франциянын, Германиянын, Испаниянын, ошондой эле кыргыз жарандары Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген, текшерүү алгоритминен өткөрүү шарты менен гана Кыргызстанга кире алат. 


Экинчи категорияга АКШ, Япония, Швеция, Швейцария, Улуу Британия, Бельгия, Нидерланды өлкөлөрү кирет.


Бардык чет өлкөлүктөр, ошондой эле Кыргызстандын жарандары, анын ичинде экинчи категориядагы өлкөлөрдөн транзит менен келгендер 14 күн үй шартында карантинде болот. 


Үчүнчү категорияга Сингапур, Австрия, Дания, Гонконг атайын административдик району (КЭР), Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Греция, Канада, Ирак, БАЭ Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Сауд Аравия кирет.


Үй карантинин шарттарын бузгандар мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, байкабастан элдин массалык түрдө оорусуна, уулануусуна же олуттуу зыян алып келген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же кокустан бузса VI категориядагы айып пул салынат же кайсы бир кызматты ээлөө же эки жылга чейин кайсы бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категорияда эркинен ажыратылат. 


VI категориядагы айып пулдун көлөмү жашы жете электер үчүн - 1200дөн 1400 эсептик көрсөткүчкө, физикалык жактар үчүн -  2600дөн 3000 эсептик көрсөткүчкө чейин.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн