Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Коронавирус Кыргызстан үчүн чыныгы революция болуп бере алабы?

24.03.2020 13:02
702
Коронавирус Кыргызстан үчүн чыныгы революция болуп бере алабы?


Экономикасы дүркүрөп өнүккөн, күчтүү мамлекеттерди да бир топ бушайманга салып койгон коронавирус эпидемиясы эгемендик алганына 30 жыл толуп-тололек Кыргызстанга да келди. Адегенде бул оору Кытайда пайда болуп, андан ары Европа өлкөлөрүн аралап баштаганда бизге келбей тургандай кебелбей отурдук эле. Тилекке каршы келди. Күчтүү бийлиги бар өлкөлөр бул эпидемия менен талапка ылайык күрөшүп, алды жеңип чыккандарын жарыялады. 


Ал эми биздин Кыргызстан бул эпидемия менен талапка ылайык күрөшө алабы? Чет мамлекеттердин жардамына муктаж болбойбузбу? Эгерде биз ушул күнгө чейин бир ГЭСти да өз күчүбүз менен кура албай келатканыбызды эске алганда, коронавирус менен кармашууда да өз күчүбүз чакталуу болуп калбайбы. 


Саясатты гана катуу кызытып көнгөн эл болдук. Бийлик талаш, мамлекеттин эсебинен байып алуу, анан коррупция беренеси мене ниш козголсо эле, куугунтук тууралуу сүйлөп, саясий тирештерди күчөтүүнү мыкты өздөштүрдүк. Эгемендик алгандан берки жасалган эки жолку революция бийликтин өзгөрүшүнө, кубаттуу болушуна эч кандай таасирин тийгизе албады. Тескерисинче, улам кийинки бийлик алсызыраак сыяктанып калды. Ким качан митинг жасап жиберип, төңкөрүш жасап жиберет болду экен деген коркунучта калдык. 


Алсыз бийлик – бул мамлекеттин улуттук коопсуздугунда дайыма коркунуч жаралып турарына алып келерин билдик. Алсыз бийлик – бул өлкөдө жакырчылык, оору-сыркоо, мыйзамсыздык, гүлдөгөн коррупция, уурулук, кылмыштуулук, саясий стабилдүүлүктүн жоктугу, социалдык жарылуулар каалаган учурда болуп кетиши мүмкүн экендигин жон терибиз менен сездик.


Эми минтип алардын үстүнө кошул-ташыл эпидемия кирип келди. Албетте, өкмөт колунан келген бардык аракетин жасап жатат. Бирок, ушул эпидепия маалында калкты азык-түлүк жана башка муктаждыктар менен кемчиликсиз камсыздоо жааты жакшы эмес экени билинип эле калды. Бет каптын, гигиеналык спрейлердин эле аптекаларда жетишсиз болуп калганы бизде эпидемияны алдын алуу боюнча уюштуруу иштеринде оркойгон кемчиликтер бар экенин көрсөттү. 


Ырас, азыр биз өкмөттү же бийликти сындап отура турган убакта эмеспиз. Болгону сабак алып, ой жүгүртүүбүздү, жашообуздун нугун биротоло жаңылай турган мүмкүнчүлүккө келип жатканыбызды эске алчу убак келди. Анын үстүнө бул эпидемия Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге, парламентке шайлоо өтө турган жылы келди. Эскертүү менен келгендей болду – күчтүү, мамлекет жана эл үчүн иштей турган бийликти куруу керек деген. Болбосо, дагы деле мурдагы деле «ашка да, башкага да тойбогондор» кайрадан эле парламентти көздөй жутунуп турушат. Ошолор же ошолорго окшогондор 30 жылга чукул убакыттан бери бийликте отурушат. Натыйжасы бийликтин алсызданышына алып келди. Коррупционерлер, эски бандиттер, чет өлкөлөрдүн агенттери, бизнесмендер гана парламентте отурганда эч кандай өнүгүү болбой турганы билинди. Алар бийликти алсызданта турганын гана түшүндүк. Андыктан ушундай убакыттан пайдаланып, бийликтин курамын сапаттуу кылып алууну жүзөгө ашыруу керек. Өкмөт да, парламент да күчтүү, сот эркин болуп, мамлекеттик байлык саналуу гана адамдардын колунда болбой тургандай чыныгы революция жасала турган мыкты мүмкүнчүлүк. Ал үчүн мурдагыдай элди топтоп көчөгө чыгуунун кажети жок. Болгону карантинден кийин боло турган шайлоолордо акча, жердешчилик, тааныш-билиштик деген өнөкөттөрдү унутуп, добушту чындап иштей тургандарга гана берүү керек.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн