Теке 27, 2024
Убакыт: 14:20
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Коронавирус: Кыргызстанда медициналык обсервацияда 303 киши жатат

13.03.2020 14:36
795
Коронавирус: Кыргызстанда медициналык обсервацияда 303 киши жатат


Чет мамлекеттерден учуп келген жарандарды обсервацияга кармап туруу үчүн Кыргызстан боюнча 1602 ооруканада орундар уюштурулган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 13-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, мындан тышкары ушул эле ооруканаларда 504 резервдик койкаларды кармап турушат. Республика боюнча 23 санитардык карантиндик пунктар иштеп жатат.


"Бардык карантиндик мунктар алгоритмдин негизинде күнү-түнү иштеп жатышат. Азыркы күндө медициналык көзөмөлдө 303 киши жатат. Алар 14 күндүк обсервацияда. 180 адам үй карантинде", - деди министр


Космосбек Чолпонбаев кошумчалагандай, жалпысынан өлкө боюнча коронавирусту аныктоо боюнча 1545 адамдан анализ алынып, баары таза чыккан. 

  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн