Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коронавирус Кыргызстанды белден басат

06.03.2020 12:00
998
Коронавирус Кыргызстанды белден басат


Бул адамзат жарык дүйнөгө жаралгандан бери эмне деген гана ооруларды көрбөдү. Шаарды шаары менен, айылды айылы менен тыптыйпыл кылып жалмап койгон "чумаларды" да көрүп, жолун таап, дарысын таап келатпайбы.

 

Менин жеке байкашымча бүгүн дүйнөнү дүнгүрөтүп, эки ооз сөз сүйлөсөң бирине кошуп турган "коронавирус оорусу" маселен бүгүнкү күнгө чейин дарысы табыла элек СПИДге караганда адам өмүрүнө коркунуч жаратууда алда канча жеңилирээк болсо керек деп калдым. Болгону коронавирус оорусу жугуштуулугу жагынан сасык тумоо сымал бат жугууга жөндөмдүү көрүнөт.

 

Эгер маалыматтарга ишенсек бүгүн коронавирус менен дүйнө жүзү боюнча 100 миңдин тегерегинде адамдар ооруп атышат. Оорудан көз жумгандардын саны 4 миңдин тегерегинде. Айыгып кеткендер 60 миңдин тегерегинде. Демек оорунун өмүргө коркунучтуулугу 4 пайыздын тегерегинде (Кайталайын эгер статикалык маалыматтар так болсо).

 

Ушундан улам ой жаралат, же коронавирус тууралуу так маалыматтар берилбей жатат, же дүйнөлүк маалымат каражаттары "Самаркандан саман учса, сансыз жоо келатат " кылышып ашыкча уу-дуу түшүргөнүнөн эле дүйнө коомчулугу жасалма коркунучка кабылып дүргүп жатат. Болбосо адам өмүрүнө коркунуч жаратууда пайыздык жагын карасак 4 пайыз бул ашыкча эле жүрөк түшкүдөй көрсөткүч эмес. Кадимки жыл сайын бардык эле адамдар ооруп жүргөн ар түрдүү формадагы белгилүү сасык тумоодон ал өтүшкөн формасына жеткенде же иммунитети түшүп кетендердер ооруга чалдыкканда, жаш өзгөчөлүгүнө жараша, көз жумгандардын саны 3-4 проценттин тегерегинде болот. Бирок алар эч жерде статикага алынып эсептелбегендиктен маани берилбейт. Экинчиден сасык тумоо эски оорусун козгоп кайтыш болгондор ошол эски оорусунан көз жумду болуп эсептеле берет.

 

Ошондуктан бул коронавирус оорусунун чыныгы жүзүн ачып мамлекеттер аралык кандайдыр бир чоң жыйын талкуу болушу керек эле. Антпесе бул оору бүт дйнөдөгү мамлекеттерди дүйнөлүк экономикалык кризиске алып баратат. Дүйнөлүк экономикалык кризис башталса биринчи кезекте биздей экономикасы чабал мамлекеттерди белден басат. Элдин жашоо турмушу кескин начарлайт. Экономикалык жакырлануунун адамдын жашоосуна өмүрүнө тийгизген таасири коронавирус жугузган оорулунукунан кем болбойт. Мамлекеттер ортосундагы мамилелерге доо кетет. Ал күчөп отуруп дүйнөлүк тынчтыкты бузушу мүмкүн. Бул жагы терең ойлоно турган ишке айланып баратат. Күн сайын маалымат каражаттарынан уу- дуу кылып "Оору жугузгандардын саны баланча миңге жетти баланчасы өлдү"- дей бергенден оорунун дарысы табылып айыга калбайт. Дүйнө мамлекеттеринин жетекчилери эмнени күтүп отурат түшүнбөй турам.


Чолпонбек Абыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн