Кыргызстандын аймагында коронавирустун жайылышын жана келишин алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн акча каражаттарын которуу максатында атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эсепке чет элдик валютадагы ыктыярдуу жана гранттык каражаттар да түшөт.
Бардык чогулган каражаттар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн иш-чараларга жумшалат.
Каалоочуларга эсептин номери: 4402011000101373
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн