Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:08
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коронавирус: Обсервациялык зона "Гансинин" эски базасына жайгашкан

19.03.2020 10:13
686
Коронавирус: Обсервациялык зона "Гансинин" эски базасына жайгашкан


Бишкектеги обсервациялык зона "Манас" аэропортунун жанындагы "Гансинин" эски базасына уюштурулган. Мындай маалыматты саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бейтаптардын нааразы болгон видеосуна комментарий берип жатып билдирди. 


Ал бүгүн, 19-мартта брифингде билдиргендей, кечээ айрым социалдык сеттерде Сузакта короновирус боюнча дарыланып жаткан жарандар оорукананын шарттарына нааразы болуп, видео таратып жиберишкен. 


"Элди дүрбүлөңгө түшүрүүнү каалаган айрым журналисттерге, жарандарга кайрылгым келет, элди, өздөрүнүн жакындарын ойлосо. Биз январь айынан баштап бул ооруга каршы даярдыкты баштаганбыз. Качан күчөтүлгөн режимге өтө баштаганда "Манас" аэропортунун жанындагы "Гансинин" эски базасына обсервациялык зона уюштурганбыз. Ал жер албетте мейманкана эмес, бирок ошентсе дагы бардык шарттарды караштырганбыз: Жууну жайы, тамактануучу жай, даараткана жана башка керектүү шарттар бар", - деди министр.


Ошондой эле, ал мындай кырдаал өтүп, абал турукташмайын чыдап турууга, дүрбөлөңгө түшпөөгө жана тескери маанайдагы маалыматтарды таратпоого чакырды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн