Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирус: Тамашалап, ойноп сүрөт жөнөтүп, элди коркуткандарга чара көрүлөт

18.03.2020 16:13
979
Коронавирус: Тамашалап, ойноп сүрөт жөнөтүп, элди коркуткандарга чара көрүлөт


Дүйнө жүзүндө бүгүнкү күндө абал кооптуу болуп турганына карабай Кыргызстанда абал туруктуу десе болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бүгүн, 18-мартта маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, интернеттин, социалдык түйүндөрдүн жана кат алмашуу технологиясы катуу өнүккөндүгүнө байланыштуу такталбаган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөтүп жаткандар жок эмес.


"Коркууга негиз жок. Биздин арабызда жаш балдардын арасында мелдешип, социалдык сеттерде оорулууларды өз көзүм менен көрдүм деп башка оорулар менен ооруканага түшкөн бейтаптарды сүрөткө тартып алып ойноп жатышат. Алар интернеттен тамашалап ойноп жатышат, кырылат экенбиз, өлөт экенбиз деп башкаларды коркутуп жатышат", - дейт орун басар.


Ошондой эле, ал мындай көрүнүшкө жол бербей, тартипти бузбоого чакырып, эгер ушундай фактылар катталса катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн