Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Коронавирус: Түркия кыргыз-түрк ооруканасын КР министрлигине берди

25.03.2020 15:05
917
Коронавирус: Түркия кыргыз-түрк ооруканасын КР министрлигине берди

Түркия Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине “Кыргыз-түрк достугу” ооруканасын COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүүгө пайдалануу үчүн берди. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Алардын билдиришинче, бул илдет менен бүтүндөй дүйнө күрөшүп жаткан маалда өз ара бирин-бири колдоо жана биргеликте аракет кылуу эки өлкө үчүн олуттуу мааниге ээ.  

Оорукананы расмий тапшыруу иш-чарасы коронавирустун жайылышына байланышкан абал тынчыгандан кийин өткөрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн жылы «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» ачуубиргелешип башкаруу жана өткөрүп берүүкыргыз жарандарынын медицина жаатында Түркияда билим алышы тууралуу макулдашылган. Ага былтыр 1-сентябрда Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосунда Бишкек шаарында кол коюлган.

Оорукана 72 орунга ылайыкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн